Энелерге арналган ыр саптары

Dating > Энелерге арналган ыр саптары

Download links:Энелерге арналган ыр саптарыЭнелерге арналган ыр саптары

Кыргыз көчү бар болгун, Ырыскың берип элиме. Куюнда калды өмүрүм, тапкан-тергеним, Күнү ушул болсо ак сүйгөн байкуш пенденин, Оо, анда менден кийинки келген урпактар, Тагдырга митаам моюнду сунуп бербегин... Apam bul jainap turgan beyiw bagym, Atakem bailygymda koldo baarym.

Ата-энени урмат-сыйга бөлөп дайым, Кадырына жете билген бала жакшы. «КАЙДЫГЕРЛИК» Башыбызга мүшкүл түшсө кайгы — дедик, Капаландык, карайладык, кайгы жедик, Бар байлыкты башкаларга тартуу кылып, Башка өлкөгө баса бердик — кайдыгерлик. Кууралга чыдап жыргалын көрсөң нак сүйүү, Чыдабай кетсең -жадыбал болгон жомок ал. Жигиттер мырза болбой тайкы чыгып, Кыздарын кетип жатат сырт тарапка, Башка улут көзүн артып илип жатат, Тукумуң эмне болот ачык айтса? Жараткан жаратса да баарын тегиз, Жашоодо адам баркы өөдө-төмөн. Кармап калсаң, баштан кетпес кут тура. Мекеним Кыргызстан, муну танбайм, Мээмден өчүрө албайм, унута албайм. Билим жактан жетмек беле кыргызга? Шынаарлаган душмандарга шылдың болбой, Шылкыйтпастан көтөр өлкөм башты бийик.

Уккум келип улам сага жакындап, Убакыт ай учат чиркин закымдап. Далай үйгө отун жаккын коломто.

Суперстан: Апакеме арналган ырлар - Суперстан - Анда озум баштап берейин а сиздер улантып кетсениздер форумчулар.

НЕТ — настоящая находка для тех, кому нравятся современные стихи и проза. Если вы пишете стихи или рассказы, эта площадка — для вас. Если вы читатель-гурман, можете дальше не терзать поисковики запросами «хорошие стихи» или «современная проза». Потому что здесь опубликовано все разнообразие произведений — замечательные стихи и классная проза всех жанров. У нас проводятся литературные конкурсы на самые разные темы. I Көздөрүң жобар, кайдагы нурлар катылган? Жийденин жыты бур этет кара чачыңдан. Кылчайып карап дардисар кылдың, дардисар, Азада бойуң алоо от беле, асыл жан? Азгырык басып, капилет кайдан карадым? Жанымды кыйнап далбаса кылды жамалың. Ѳмүрүм өрдөп туш келдим туюк санаага, - Даарысы кайда -кай жактан издеп табамын? Көрүнчү кайра -оромол салып гүлү жык, - Жолукчу, жаным, көйнөктүн кийип пуштусун. Сай бойлоп басып булакка көздү чаялы, Булактай таза сүйүүнүн баркы, баяны. Суусардай болуп суйсалса, мага өмүрдүн Түгөнбөс болуп туюла берет аягы... Айтамын кантип кусадар болдум сага деп, Күлгөнүң сырдуу - жүзүмдөн бүткөн нак шарап. Периште болгон кейпиңди кайдан билесиң? Уурданып менин түшүмө күндө киресиң... Дүйнөнүн бардык жыргалын берип, өңүмдө, Тозокко салган муз жүрөк кандай немесиң? Ашыглык аруу делебең козгоп кеттиби, Мынчалык неге карай көз күйүп, жанасың? Катылып жаткан кайдагы кумар, кайсы бук? Жолукпай сага сарсаана болгом буулугуп. Шүүдүрүм сымал сүйүүбүз биздин чачылып Торгойдун мукам үнүнө кетти жуурулуп... Сени деп далай жигиттер жүрөт шыпшынып. Бир жолу мага өптүрүп коюп жоголдуң... Өзөктү өрттөп, жүрөктү отко туш кылып. Кеңкелес кылып кетти окшойт сенин шамалың, Жер кезип чыксам кай жерден, кантип табамын? Жылдыздай жылт деп колуңа конбойт кылактап,- Шайтандан эстүү аялдын көрдүм амалын. Сүйбөгүн аны, жүрөктөн такыр сыз баарын... Кайрадан кумар ташкындап жээк жемирет, Самсыган санаа жүрөктүн четин кемирет. «Болду эми, аны сүйбөймүн! А бирок сенин азабың тартпай калганда, Тагдырым менин чел болмок экен капилет. Бурулуп кетип мусапыр кылып кыйнаган, Мунумду айтсам -көңүлүң мага бурбагын. Азгырык болуп алыстан көзүң ымдагын,- Жандырып салба жүрөктүн күчтүү ыргагын! Кызарып күйөт ошол чок. Жүрөгүм ыйлап турганы менен ишиң жок. Ѳрүлгөн чачың тор болду мага жайылган, Кай жакка барсам - бастыра койбой жол тосот. Өчөшкөн кандай өчүң бар экен, билбедим. Жанымды кармап каалаган бийиң бийледиң. Жалбырган сөздүн айттырып алдың далайын,- Ачтырып алдың көмүскө жаткан ыр кенин... Сөздөрүң канжар, сөздөрүң сенин устара. Сынадың балким, бул сөзүң жалган, күмөндүр! Амалың курсун, апсана кылба, түгөнгүр. Кокустан колдон сен учуп кетсең, оо анда, Кум болуп жерге куюлуп калсын бул өмүр! Тагдыр калчады мени чүкөдөй. Ай-аалам баары мээримин салбай бүт өгөй. Жамалың буруп жылдызың учса асмандан, Канатың сынып турасың кантип түтөбөй? Курч албарс дата мертинет. Зилзала болуп жандүйнөң далай серпилет. Бир кезде менин койнумда жаткан кыз бурак Баратат ана - башкага аяр эркелеп... Айып сөз болсок мейлиге, укпай кой аны,- Акмарал сымал жанымда жүрчү, дүрданам! Бул өмүр тозуп, ойрону чыгар неме экен. Оюнга тойбой күн өтсүн келчи, көлөкөм! Апкетсе бизди ашыктык оту -көк ирим, Жараткан эгем тазалайт бардык күнөөдөн... Ар бири бүтпөс, көркөмү ашкан баян бу. А бирок сендей пери жок экен дүйнөдө, Таппастан жүрүп өмүрүм кыркты таянды. Алдыда кандай күндөр бар бизге буйруган? Көзүңдү көрсөм -жанарбы деймин, буйдалам. Кара нар болуп чөл безип кетким келет-ов, Сүйүүнүн улуу эпкинин сезбейт майда адам. Башкача карап, башкача сүйлөп, күлөсүң. Жалының издеп таппаймын мени өрттөгөн,- Кыялың менен сен башка көлдө сүзөсүң... Шерттешкен сөздөр жел беле? От болуп келсем бычакты урдуң беделге. Парпирек болуп туюкка жүрөк камалды. Кызганам сага -бөлөгүн айтып не кылам,- Чачыңды сылап өтсө да кокус желаргы. Бирок сен менин сезбедиң тунук дилимди, Сени деп жүрүп аруулап калган жинимди. Башканы ээрчип бурулуп кеттиң -шол түнү, Асмандан сан миң жылдыздар жерге кубулду... Кусадар болуп күйүттө өлөт окшоймун,- Күлкүңө неге бал менен ууну чыладың? Торуңду жайдың кутулбас кылып тузактап... Жарыгын, бербей, жаркыным, кеттиң узактап… Аман бол дайым, чөкпөсүн сенин көңүлүң, Душмандар, мейли, сөз кылсын мени мазактап. Көзүмөн кетпейт элесиң: Гүлбурак болуп капыстан күлүп келесиң... Бейиштен чыккан ур кыздын кейпин бересиң. Кылыгың кымбат, кучакка толуп эркелеп, Ойнойсуң далай... Ээрибес үчүн эрк керек. От күйбөйт үйдө, төшөгүм муздак куту учуп, Кайрылып мага келесиң качан бир ирет? Тагдырга такыр ишеним сууп бүттү эле, Үмүтүң түшкүр үзүлбөйт экен, не кылам? Төлгөчү издеп ачтырдым далай бал китеп. Дайының чыкпайт, өмүрүм - барак чачылган, Чолом жок аны алууга сенсиз иреттеп. Карарган куюн оп тартып барат ааламды. Жараткан, неге каарың төгүп кыйнадың? Жаркыным, келип жай таптыр менин санаамды. Гүлазык болсун елесв жанга илебин, Ак мамык болсун акактай жумур билегиң. Бүт дүйнө бизге бут тосуп каршы чыкса да, Жолукчу мага мезгилдин таап бир эбин... Таш жүрөк болду, жалбарган сөзүм укпады. Жетишет эми, азаптын дагы чеги бар, Бир аял эмне, -дүйнөгө түркүк, туткабы? Чыйралуу керек, дарманым бошоп турду эле. Кол шилтеп басып кетсем не болмок мурда эле? Кирпигиң ырга салам деп Издедим далай сөздөрдүн назик, чуйгунун. Биз кетсек артта безилдеп ушул ыр калат. Сырыбыз биздин кыйырга чейин таркалат. Биз балким шондо айланып эки жылдызга, Табышмак болуп күйөбүз көктө жаркырап... Сени деп ырдап тозокко түшсөм мейли мен. Бул ырлар кагазда калган жүрөктүн каны-бешбейнем. Бүт баарын бердим - көңүлүң жибип калган жок. Жараткан күбө -ээримек эле чоюн да. Эмне кыл дейсиң, акыркы буйрук -өлүмбү? Сүйөмүн деп кой - мен бузуп чыгам көрүмдү. Булактай тунук агылып турам шыңгырап, Гүлзарга бөлөп беремин бопбоз чөлүңдү. Каныңды өрттөп, алаамат кылат бүт дүйнө... Ѳктөмдүк алдың көз ирмем кетпей кыялдан. Аттырбай качып жүрөсүң тоодо, Акмарал, Не болот менин колума тийген шыралгам?! Ай-аалам шондо бир бүтүм болуп калат да, Айланат жалаң шукшурган сүйүү-канатка. Астыман менин жер көңүл барат, а бирок Сен гана бийлеп турасың чалкар чанакта. Толкунуң ташып тереңге чөгүп кетемби? Өтөмбү өжөр көктүгүм кармап муюбай, Алдыман чыккан тоскоолго чыдап, түтөмбү? Күч үрөп күндө алдыга тынбай умтулам, Толкунду жиреп сезимим кылыч курчуган. Балыгың болуп калабы дешип шыпшынып Жээгиңде сенин тамаша кылат канча жан... Кош өрүм чачың-куюлган дайра желкечен. Ажардуу карап азгырып, арбап сүйлөйсүң,- Сурайыл болбо суктантып жерге бир келген. Бадам көз сулуу бал ачып тилим байладың, Жоголду менин бейпил түн, жыргал, майрамым... Акмарал болуп өзөндө жүрсөң суйкалып, Айдыңдуу тоодо айгайды салган Кулжамын. Ыраңым азып керсары болду. Суусунум кандыр, боз чөлдө жатам акактап, Периштем келчи алты кат асман түбүнөн?! Оозума тамыз замзамдын суусун, өлбөйүн! Жаныма батты, кымчы бел, сенин даргөйүң... Бар беле өчүң, кусага баттым белчемен. Сыпайы басып, минайым сүйлөп бурма көз, Муунтуп салдың мусапыр жанды мынча сен? Дулдулдай чуркап дуулаган күндөр кана эми? Бүттүбү эрте жаштыктын бийи, аземи? Бир кече күлүп, бейдарек кетип жоголдуң,- Сунамын кимге ыр-шарап толгон кесени? Сен үчүн болдум терсаяк. Желмаян сындуу артыңдан жүрдүм жан сабап. Шамчырак болуп күйбөдүң менин жолумда, Билбеймин дагы жүрөгүм канча жанчылат? Күн сайын угам дос-тууган айткан жемени, Жарылып кетпейт канткенде чыңайт жер деги? Келбедиң, мына Нооруз ай өттү, эл-журтка Мен кантип берем сүмөлөк салган шернени? Каяктан алар билишсин, Көчөдө чарт деп алоолоп күйсө кызыл өрт... Ѳчүрөт кимдер, жардамга кимди чакырам? Чакырсам дагы ишенет ага кайсы адам? Боёлгон кашы, кирпиги анын сурмага. Аягы суюк аялга окшойт, байкагын... Тымызын сага канчасы салды кылтагын, Сыр бербей коюп колунан чыгып буйтадың. Мен билем сени -перзаттык кыял, мүнөз бар, Сүрөтчү болсом Жаконда кылып тартамын... Акындар деги соо жанбы, бурбай чыныңды айт? Көөдөнүм менин тербентчү жерди жанар от. Соо болбой калгам жолугуп мага осмо көз, Жарадар болгом жүрөккө тийип кумар-ок. Эмне дейт капыс сырымды билсе башка жан? Жоорутуп алсам болот го. Бирок негедир, Айтууга дагы айбыгып ичтен коорунам. Төлгөсү ушул: келесин мага бир күнү, Угамын кайра гүл ачкан шыңгыр күлкүңү. Ошондо бардык душманым оозу жап болот,- Ыргыткан сайын чүкөмдүн түшөт айкуру... Алымды Сураган жан жок. Төшөктө жатам ысытма чыгып жөөлүткөн, Унутуп бардык ордолуу очок, тагымды... Үнүңдү уксам -шарт этип туруп кетмекмин. Көздөрүң-даары, эргиткен жанын эркектин. Жарыгың төгүп ачып сал эшик, терезе, Санаага баткан үйүмдү келип желдеткин. Жалының өчүп, шамалга учкан күл калат,- Эстетет бизди айылдын чети -боз дөбө Ким айтат шондо мендеги сүйүү арманын, Арманың түшкүр, жүрөктү тилип, жарганын. Дагы эле көктө жылдыздар күйөөр баркырап, Булбулдар сайрап эзелки ырын -жаржарын. Ал күүнүн терең деңиздей болгон шору бар. Палвандар гана бел байлап тике жолугаар. Кууралга чыдап жыргалын көрсөң нак сүйүү, Чыдабай кетсең -жадыбал болгон жомок ал. Алчадай гүлдөп азгырып мени ачылдың. Ширелүү, таттуу, кыярып бышкан мөмөңдүн Даамын таттыр-күүгүмдө келем жашырын. Мөмөңдө күндүн ысыгы, жердин күчү нык. Көргөндүн баары жегиси келет кызыгып. Дүйнөнүн жалгыз туткасы, жаным, сен белең? Түгөндү айлам күн сайын көңүл бузулуп... Соолумай болду көчөтүм чындап бу күндө. Аптаптан талаам какырап жатат, кан жүгүрт, Ырайым кылгын какшаган алсыз жүлүнгө. Зарыгып күтөм, тамчыңды мөлтүр аяба! Чактырба мени кара курт менен чаянга. Кусага батып караймын көктү, тезирээк Сен келчү болсоң шамалың жибер, аянда. Ырымды сүйбѳ, пар келем жаштык отуна, Оюңдан мени чыгарып салба эртелеп. Назарың салгын -жигиттик доорум күчүндө! Таппайсын мендей эзели өңү-түшүңдө. Ырымды жаттап миң жолу айткын, а бирок Бир жолу менден эркектик бедел түшүрбө! Сен кайдан келдиң жүрөгүң ырга жык толуп, Нурданат көзүң, нес болуп калдым дабдырап... Уюган канды жашартып селдей агыздың, Чагылган сымал өрттөдү жанды тамызгың... Койнунда жаткан бир аруу түндүн күнү үчүн,- өмүрүм жетпейт, кыямат бою карызмын. Мас болуп калгам, жаңылам. Шурунда менин көздөрүм калды от болгон, - Авазым калды жалбарып улам жалынган. Алакан отум калды окшойт сүттөй денеңде, Кылыкты үрдөн үйрөндүң беле Эдемде? Бийлесең бийле, ырдасаң ырда, сүйсөң сүй,- Бар менде сени кадырлап алчу керенге. Тез тарап кумар, жалбырттап күйбөй өчөбүз... А бирок Тагдырды буйтап биз кантип кыйгач өтөбүз? Ансыз да айып сөз болдук далай дубанга, Жолукпай койчу калбады бизде түк арга. Мас болгун, бирок эртеңки күндү эстебе,- Баш отуң менен кирип кет, жаным, кумарга... Албасам экен өчүрүп сенин ышкыңды, - Күн-түнү басып жүрөмүн бычак мизинде. Караган бардык көздөрдөн жаман шектенем, Көз мончок тактым, таптакыр аны чечпе сен. Ысытма кылып дубалап коюп жүрбөсүн, Башканын сунган шарабын алып ичпе сен. Эмне үчүн сени сабырдуу, салкын сүйбөймүн? Эмне үчүн өңдөн керсары болуп аздым мен? Эмне үчүн жанга мынчалык батты даргөйүң? Мынчалык неге далбастап чуркап күйүгөм? Не майнап чыкты, не дөөлөт таптым сүйүүдөн? Билемин бирок сен чанып кеткен мүнөттө, Абасыз калган адамдай туйлап мүрт өлөм... Жалаажын үнүн укканда өзөк өрттөндү... Ыргактар бизге сыйкырдуу канат байлады, Учуруп жерден оп тартып кетти өктөмдүү. Сыбызгып аккан куунун биз эми кулубуз, Ааламга тарап бараткан суйуу нурубуз. Каалаган адам чечмелеп алсын дит багып,- Жуурулуп кетти куу менен биздин сырыбыз. Ким сени мурда мынчалык катуу чочуткан? Коркпогун эми карай көз, жийде бурагым, Кан кусуп калсын көз аткан сага чоочун жан. Кааласаң өргүн, кааласан жайгын чачыңды, Шарактап күлүп, көтөрүп баскын башыңды. Ашыктык нурга албарып турсун жамалың,- Түйшүккө салып талма ооруу кылгын касыңды. Кай жактан келди мынчалык муздак желаргы,- Кетти экен мени ушактап сага кай жалап? Түгөнсүн баары, кызганып бүттү бүт калаа, Муңайым болуу жарашпайт экен түк сага. Жашырбай айтчы, башканы сүйүп калдыңбы? Кайыптан келген адамга ал бир чоң дөөлөт, - өзүмчүл байкуш керпенде гана чырылдайт. Күрпүлдөп аккан дайраны тосуп болобу? Тизгиндеп көрчү карарган катуу бороонду? Кишенде мейли, орго сал, кама тузакка — Жүрөктө сүйүү бүчүрүн ачсын оболу... А сыртта жамгыр токтобойт такыр көнөктөп. Сен жазган каттарды окуп жатамын муюп, өбөктөп... Мынчалык сөздү сен кайдан жүрүп тапкансың? Шумдугун кургур түбү жок терең асмансың... Бир туруп мага периште болуп көрүнүп, Бир туруп митаам, амалы, күчтүү мастансың... Чөп болсок дагы жанаша өсүп гүлдөйлү, - А чымчык болсок учалык бирге ылайым... Бейажал кырсык бөлбөсүн бизди азадам, Жанымда жүрсөң өзүмдөн өзүм тазарам. Зыярат кылчу аралым сенсиң ааламда, - Күнү учуп такыр абийирден кетти бу заман... Канчалык түйшүк чырмаса дагы башыңды,- Кайнаган отко солк этпей кирип барасың... Коломтоң, үйүң, босогоң, төрүң, бүт баары, Ашык жар болсо кадыры башка кут даарып... Дүйнөгө түркүк болом деп жаның сабаба,- өлүмдөн калат махабат гана куткарып... Арзууда калдым ойноктоп турган осмо каш. Бейкүнөө жанды, бейиши болгур, мынчалык Мусапыр кылып мүшкүлгө салган жарабас... Опколжуп жүрөк ордуман турам болуп дак. Агарган нурун айнектен төгөт багымдат. Парасат, баам түк жетпейт... Ѳзүңдү ойлоп жан дүйнөм туйлап арасат... Мейли бол машкүр машайык... Алдыңдан чыкса сырдана чүрөк кашкайып, Парвана болуп кетериң анык. Жүрөгүң Мухитте калган жападан жалгыз жел кайык... Дүйнөнү безип карабай кызыл-агына, Мен жетсем деймин гулбурак жашыл жазыңа. Өмүрдү берсем мунасып, өзөктү өрттөп бир күлүп койгон назыңа... Ошондо неге тумчугуп калып өлбөгөм? Седебин акак, чачбагың күмүш шыңгырап, Тургансың менин койнумда ээрип,. Бүт баары тарап жоголду туман сыяктуу,- Олтурам жалгыз. Кунаба болуп кылыгың эстеп ташыдым. Делгирип турам астана аттап кирсе деп,- көзүмөн учат көйкөлүп баскан басыгың... Келбесең эгер гиластын гүлү төгүлөт, Азиз жан турбайт, денеңден бир күн бөлүнөт... Бу жалган дүйнө, мен эми сездим бир гана Үнүңдө сенин үлбүрөп өсөт мээр чөп. Жеңилди оюм сарсанаа терең иримге... Назигим сенин анделек жытың бур этип Ак маржан колуң оролду кайсыл ийинге? Кызганыч чуркайт канымды бойлоп чыркырап. Жигарим эзип, жиликтеп бүтмөй болдуң го, өлтүргүң келсе канжарды карма курчураак. От болуп көзүң, эринге эрин тийгенде Унутам баарын... Калакат кылба калакат,- Жанар тоо болуп жарылып кетсин бу дүйнө! Сүйүү бу өзү кудайдын үнү жаңырган, Авазы мукам күү болуп аккан каныңдан. Пендеге берген ырыскы-кешик, олжо бу, өмүргө шерик чартылдап турган чагылган... Жек көрүп бир күн кетейин десем, кайрадан Жылаажын болуп шыңгырайт сүйүү кылдары... Мемиреп бирде, кыяндай бирде күркүрөп, Жашоонун нугун түбүнөн бери көңтөрөт. А балким накта сүйүүнүн Маңызы ошол карасы, агы тең жүрөт... Эркеле мага, жаштыкта жанар не күнөө? Эриниң эмне, тумчугуп кеттим тумчугуп, Чыдабай кетип баратам кумар өртүңө... Кыямат жолдо кыйышпас болгун алдабай, Жолугат бизге азгырык, шайтан бир далай. Оролу келген орошон опол от кезди, Жоготуп ийбей тагып ал күмүш сыргадай. Кудая тообо, оозандк кантип бул кепти? Ал кайдан келди мына бул жарык дүйнөгө? Карады неге агарган таңга, күн гүлгө? Сүйүүсүз калган пендеден корком, капилет, Шамшарын уруп коебу деймин жүлүнгө... Бир түнкү жаткан шуркуя менен сырдашып, Аруулук барын эсине алып койбогон. Билишпейт сүйүү май кылып матап келерин, Буудайык сымал буйтатпай бура, теберин.. Корустөн бодбой күн көрүп тируу жүргөнгө, Курчутса боло сүйүүгө бүлөп жүрөгүн.. Тилимди байлап дубалап койдуң сыягы, Күлкүңдү кошуп чөйчөккө куюп шербеттен... Бараткан жолдун багытын таппай жаңылдым, Ичимен түтөп балакет сырга кабылдым... Калтардай булт деп карматпас болуп кетсең не, Капилет жерден күүлөрүң мага жаңырды. Сен кантип аны өстүрдүң экен таң калам, Уктасам түштөн, ойгонсом кетпейт көңүлдөн... Оролуп жатсам бейиштин төрү жыттанат, Лаззатка батып, жүрөктүн чери бук та pan... Башкага сендей буйруган эмес узун чач, Көргөндүн баары кылчая карап суктанат... Бирөөгө жаман кылапат ойдон алысмын, Ошентсем дагы көбөйүп барат душманым... А балким сени купуя сүйүп өрттөнүп, Жүрүшкөн чыгаар заарын мага өткөрүп. Мен жазган ырдан заманы куруп, кумсарып, Даабай сага, ичинен мени жек көрүп... Сыйынып көккө Тедирге Жалынып турду багымдат менен инирде. Куткарып жанды ыплас, пастык илдеттен, От менен суудай таптаза болу у дилинде. Ыйыктар менен жуурулуп кетүү, бир болуу, Эргүүнүн бийик чегине жетип толгонуу. Күнөөңдү жууп периште келсе бет маңдай, Бергени ошол кудайым сага олжону... А сенин денең талаадай кѳшүйт мемиреп, Илебиң гүлдүн таажысы сымал үлбүрөк. Дүйнөнүн тутка, базары бизбиз шу тапта, Бир бүтүм болуп айкашып кучак кучакка. Ай-аалам бейиш,тирүүлүк не бир керемет, Обо эне жеген алмалар бышат бутакта... Ашыгым сейин койнуңа кирсем төгүлөм, Жанымды берем менден жок ашкан берешен. Күчүмө толуп бакыттын чыгам төрүнө, Канатым бүтүп, дөөлөтүм ташат көрүнсө. Жандүйнөм сууруп карматып койсом колуңа, Кут келип шондо конгонсуйт менин төбөмө... Түбөлүк кыймыл, түгөнбөс түйшүк жетелейт, Дем алып калсаң өмүрүң тозуп тыркырайт. Андыктан бирге кыямат жолдо токтобой өтөлү, жаным, үлп эткп өчүп жок болбой. Жыл сайын бийик жайылып өссүн шагыбыз, Көралбас куйту түбүнө анын от койбой... Тосулду жолум, каптады тоодой толкундар, Айланды тозок отуна бейпил түндөрүм... Дегдечү болдум көрсөм деп сени дембе-дем, Атаандаш чыкпа Эдемде жүргөн ур менен. Бул кордук эмей эмине? Жаздыгым жалгыз, сагыныч кыйнап тереңде Узатам күндү кыпкызыл чокко айланып, Келбейсин неге? Көңүлдөш бирөө бар беле? Жанар тоо элем, сен неге менден муздадың? Сүйүүдөн бийик ак сарай курдук, бузбагын! Душманга мени сатпагын ачып койнуңду, Тепселип майкан болбосун гөзөл гүл багың... Жалбырак сымал канча өмүр менден кубулду... Жаштыгым кетти, көзүмдүн качты курчтугу, Жоготтум шыңгыр коңгуроо, коңур үнүмдү... Каржала түштүм, каңырык түтөп дал болом: Махабат зындан-темир тор менен тордолгон. Кайсы кун бошоп азаттык алам, катыгүн! Түйүндүн учу түбөлүк, түпсүз жоголгон... Салкындап Муздаган көңүл курчусун кайра жаркылдап... Сагыныч өрткө айланып кетсин кайрадан, Жүрөккө жүрөк жаштыктын демин тартуулап! Ай өтпөй мына дардисар болуп дегдедим. Шамшардай сезим уктатпай койгон маалда, Дарегиң бергин, койнуңа барам мен сенин. Күнөөдөн мени тазалап эргүү канат бер, Акактай тунук актыкка өтсүн жан-ыйман... Ыплас майда көнүгө тийген илдеттен Оолактап алыс жашайлы жаннат, көлөкөм. Кокустан мурда көз жумуп кетип баратсам, Ысыгы калсын илебиң соруп бир өпсөм... Өткөрдүм баштан дүйнөгө түнчү пурсатты. Бир өзүң болдуң карманаар мүлкүм, так, таажым, Ашыглык оту жандүйнөм бийлеп суусатты. Ыйлаган ыйым, сүйлөгөн сөзүм, ой, мүдөөм, Жаркыным сенин чачыңа кошо өрүлгөн. Сүттөй ак назик денеңе оттой жабышкан, Жуурулуп кеткен. Көр оокат тушап тизелеп ага жүгүндүк. Калаада бөтөн муз чагып, көчө шыпырдык, Чөкпөдүк бирок азгырып сүйүү, тирүүлүк. Мүрөк суу таптык, ошонун эми кулумун. Дың жерди бузуп көшөрүп тынбай айдадым, Сенселип өсүп келатат сепкен уругум. Махабат берген жыргал бу. Ай-аалам мага ажарлуу болуп нурданды. Шуудурайт терек, күмүштөй дайра шаркырайт, Кызгалдак каптап алган бүт адыр, кырларды. Бул дүйнө мынча көз тойбос болуп жаралган? Баладан бетер таң калам. Жараткан, айдай кыянат күнгө туш кылба! Билемин, биздин сүйүүгө ичтен кызганып Айрымдар бурчтан коюшуп келет буктурма. Күнүгө башка, өзгөчө мага мамилең. Жылдызың жанып, миң сырды туям үнүңөн. Буралып бассаң ак марал, ак куу кеп бекен, Калтырып сени мен кантип кетем дүйнөдөн? Сүйүүсүз жашап көлчүктү көл деп жүрүпмүн. Курусун дүйнөң арзыбайт сокур тыйынга. Көзүңдөн өптүр-дүрдүйнө ошол сүйүктүүм. Ѳзүңсүн менин бейишим дагы тозогум, Ѳмүрдү кыйып, өмүрдү чексиз созоорум. Үлпөтүн көрүп ааламга сыйбай келемин, Тоотуп койбой айың сөз-чаңдын тозогун... Бүр ачкан жүзүм, алмалар менен шабдалы, Колуңдун ысык мээримин туюп алганбы? Дүйнөгө карайт көз караш менен сендеги: Кумарлуу, нурдуу, өзгөчө сүйкүм, ыймандуу... Балдарың Сагынып, ыйлап маземди улам албасын! Сапардан келсем өрөпкүп, тердеп, чаң болуп, Балдарым сыртта ойношуп жүрөт... Кыйнаган жокпу ден соолук?! Жоготуп койдум эркимди Туш болуп капыс бейтааныш дилбар өртүнө. Көкнары берип койду окшойт, деле мас жүрөм, Шукшуруп учам мелжиген мейкин үстүнөн... Дүйнөгө сыйбай дөлөөрүп кетип баратам, Эл эмне дешет, кылчалык көңүл бурбадым. Бул аалам мага тар болуп кетти. Көл болуп жатам жээкти улам жемирип, Ѳмүрүң курсун булактай болуп жылчыган! Күйпөктөп жүрдүм жаныңда, дагы не керек? Булбулуң болдум багында, дагы не керек? Алоолоп күйдүм жалынга, дагы не керек? Дарамет, шыкты өзүңө бердим жетеби? Өмүрүм сайдым -кунуңа, жаным, өтөбү? Олжобай менен Кишимжан сындуу ак сүйүп, Капилет өлсөк кош терек болуп өсөлү... Ок жеген мисал арыстан болуп куладым... Убалы кимге бейкүнөө аккан канымдын? Бооруң таш туруп моймолжуп неге кабылдың? Жебенин учун чылапсың ууга, кантейин Тагдырым экен колуңа түшүп багындым... Турпакка кантип айланып шондо кетесиң? Сыйкырдуу кайсыл жол менен басып өтөсүң? Апкаарып өлүм алдыңа басып келе албас, Адашып балким табалбас сүйүү көчөсүн... Үкөйлөп жүрүп өтүптүр акын Боогачын... Барпынын көзү агыптыр Мөлмөл деп күйүп, Мен сени ырдап сүйүүнүн таптым коогасын... Шарабың куйгун, жарк этсин аруу жамадың, Мас кылсын мени жийде жыт, акак тамагың— Койнуңда сенин жүрөгүм сайрап безилдеп, Ѳмүрүм өтсө арман ыр болуп каламын. Сүйгүн деп Кудурет бердиң -кубатым ташты күтүрөп... Коюнун ачкан аялда күнөө такыр жок, Лаззаттын бийик чегинде учкан көкөлөп... Менде көп күнөө, кайсысын айтып кыйналам... Бир нече балам төрөлбөй кетти, не кылам? Жаштыкка шылтап-өкүмүн өзүм чыгардым. Ыраазы болуп айнекте турсун телмирип, Асманга учуп кеталбай улам кармалып... Эскергин бирге өткөргөн жылды башыңдан, Ыймандай сырың төк мурда менден жашырган. Кечирип койгун, көңүлгө азар кетирсем, Белиңди бууп кайгыга чөкпө, асыл жан! Кабагым жаркып дене бой нурга жык толот, Туш болом капыс туңгуюк, түпсүз жыргалга... Бар сенде кандай касиет пенде билбеген, Алыстан туруп эркимди элпек бийлеген? Он сегиз миңдей ааламдын кай бир бурчунда, Эринин тийсе-өлсөм да кайра тирилем... Байкадым кытмыр, пейили бузук, тардыгын. Арамдык санап азгырып кетти өзүңдү, Байлыгым соолуп, азыр мен карып, жардымын. Куюнда калды өмүрүм, тапкан-тергеним, Күнү ушул болсо ак сүйгөн байкуш пенденин, Оо, анда менден кийинки келген урпактар, Тагдырга митаам моюнду сунуп бербегин... Жылдыздар күйүп, дарактар бүрдөп көгөрүп, Дирилдейт сезим булактай кашка шыңгырап, Жандүйнөң балкып махабат-нурга бөлөнүп... Миң жылдап мурда жашагам ушул сезимде, Кумарым канбай өпкөнүм сенин эсимде. Ошондо деле туйлачу элең балыктай, Ошондо деле азгырык күйчү көзүндө. Бүтөмбү муздап куураган жыгач кейиптенип, Унутуп такыр күкүктөп аккан илхамды? Ал күндү мага келтирбе, кудай! Махабат Жан чыгар кезде жанымда турсун жакалап... Колумдан карман жалбарсын мага жаным деп, Чочутуп ийсин өлүмдү тикке жалт карап. Келермин мобу жарыкты сүйүп кумардуу, Оо, жарык дүнүйө! Мажмунду мендей кабыл ал. Кайрадан сүйүп өрттөйүн жүрөк, канымды, Ичейин жыргап чыланган ууну, балыңды. Бүт баарын кайра бере көр! Жанар тоо кылып жараткын кайра жанымды. Жек көрүп бүттүм сен түшкөн бардык сүрөттү. Жылуулук бербей мөлтүрөп карап турасың Мен өпкөн мобу эриниң соруп ким өптү? Колдорум тийген чачыңды кимдер сылады? Койнуңда кимдер нес болуп оонап, кулады? Түк көргүм келбейт нурданып турган жүзүңдү... Бейдарек кеттиң… Өмүрдүн качты кунары. Чырагдан элең, билигиң пастап калыптыр, Капылет кайдан нуруңду кимге короттуң? Сагындым сени, түк канбай койду кумарым, Кайрадан кечип кетели сайдын тулаңын... Тирүүлүк барда күүлөнөт жүрөк күкүктөй, Кучагың жайгын муңайым тартпай, бурагым. Сабырдуу болуп канча бел аштык кыялап, Койбодук бороон, шамалдын күчүн тоготуп. Сындырдык канча шарапка толгон ак чыны. Эңседик бакыт, бакытың деги калп, чынбы? Түгөнсүн дүнүйөң, керсейип мага кыр салып, Таш бараң кылды, жүрөгүм ташка жанчылды... Эшигин ачсаң жаныңда болсун периштең. Сүйбөгөн адам кирбесин аттап босого, Арналган сарай түгөйлөр үчүн ээришкен. Ашыглык кулу болгондор кылсын зиярат. Дилиңде кетсин дил сырым менин уялап... Акыркы демди алганча сүйгүн, болбосо Сүйбөгөн күнүң-зилзала, анык кыямат!..

Last updated